ОшМСУ ОшГСУ КУУ
22 подписчиков
Кыргыз Республикасы үчүн эгемендүүлүктүн биринчи жылдары мамлекеттин коомдук турмушунда жана экономикасында, агартуу илим- техника чөйрөсүндө жана өзгөчө билим берүүдө олуттуу кайра түзүүлөр жана реформалар менен коштолду.
1994 - жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев “Кыргызстан –жалпыбыздын үйүбүз” деген ураанды салтанаттуу жарыялап, бул Кыргызстандын элдеринин өз мамлекетинде өзүнө ишенген эркин жаран деп сезүүгө, калктын миграциясын бир топко кыскартууга, саясий турмушка стабилдештирүүнү (туруктуу абалды) киргизүүгө, адамдарга эртеңки күнгө болгон үмүттү бекемдөөгө мүмкүндүк берди.
Билим берүү чөйрөсүндө зор өзгөрүштөр болуп, формасы менен мазмуну боюнча жаңы биргелешкен окуу жайлар пайда боло башталды. Маселен, Бишкекте Кыргыз - орус славян университети, кийин Кыргыз-Америка факультети жана Кыргыз-Түрк университети.
Кыргызстандын түштүгүндө Улуттук Илимдер Академиясынын жана Инженердик Академиянын Түштүк бөлүмү, бир нече илимий-изилдөө институттары иштей баштады. Көп улуттуу билим алууну эңсегендиги менен маалым болгон Кыргызстандын түштүгүнүн жаштары үчүн Ош жана Жалал-Абат мамлекеттик университеттеринен башка да бир нече жаңы окуу жайлар өзүнүн эшиктерин ачты. Коомчулуктун көптөгөн өтүнүчү жана кайрылуулары мамлекеттин колдоосуна арзып, республикада болуп жаткан демократиялык өзгөрүштөрдүн мисалы катары 1994 - жылы Ош шаарында жарым этникалык Кыргыз-Өзбек жогорку техникалык колледж ачылган. Кыска мөөнөттүн ичинде бул окуу жай Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы ыкмаларынын белгилүү окуу жайы болуп калат.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Акаевдин жарлыгы менен аталган ЖОЖго Кыргыз-Өзбек университети деген статусу берилди. Азыркы учурда Университет билим берүүнүн, илимий жана маданий-агартуучунун ири борбору болууда. Анын курамында 5 институт, 15 факультет, 48 кафедра бар, бул жерде 500-гө жакын окутуучу эмгектенет, алардын ичинде 100-гө жакыны илимий жана окумуштуулук даражаларга ээ, 14 миңге жакын студент окуйт.университеттин алдында Индустриалдык коллеж, Кесиптик лицей, илимий- изилдөөчү борборлор, Аспирантура жана докторантура, окуу китептерди даярдоо Борбору, жожго чейинки даярдоо Борбору, маданий-эстетикалык борбор, Студенттик Биримдик, пресс-кызмат жана башка бөлүмдөр иштейт. Өзүнүн он жылдык ишмердүүлүктүн аралыгында өзүнүн жаш экендигине карабастан Университет Кыргызстандын эң алдыңкы онунун катарына кирди, жана толук негиздүү түштүк региондо беделдүү университеттердин бири болуп эсептелинет.

Название
ОшМСУ ОшГСУ КУУ
Статус
Страна
Информация скрыта или не указана
Город
Информация скрыта или не указана
Url
oshmsu
Id
107479211
Тематика
Университет
Вики страница
Не установлена
Сайт
www.oshgsu-kuu.com
Блокировка
Нет ограничений
Видимость
Открытая
Верификация
Группа не верифицирована администрацией Вконтакте
Популярность
У группы нет огня Прометея
Тип
Публичная страница
Возрастные ограничения
Нет
Стена
Ограниченная
Контакты